# 13-статья. Жаратылышты пайдаланууну лимиттештирүү

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 13-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-13

---

Жаратылышты атайын пайдалануу белгиленген лимиттердин чектеринде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты пайдаланууга лимиттер жаратылышты пайдалануучулар үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, (алып коюунун) ченемдик көлөмдөрүнө, зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын жана агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектерине жана өндүрүштүн калдыктарын региондогу экологиялык жагдайды эске алуу менен жайгаштыруунун ченемдик көлөмдөрүнө негизденүү менен белгиленет. Лимиттештирүү:

- жаратылыш ресурстарын айлана-чөйрөдөн алып коюунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын, таштандылардын жайгаштырылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдери болуп бөлүнөт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-14)
