# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 500-б (Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 500-б (Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 500-р
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17437/edition/995565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 500-б (Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө) буйругу (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217979

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 25-декабры №500-б Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кенештин чечимине ылайык:

1. 2019-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:

- «Сүт Булак -Түптүн чыгышында сүт секторун өнүктүрүү» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;

- «Абдималик-Ата» үрөнчүлүк дыйкан чарбасы» дыйканчылык (фермердик) чарбасына, Жалал-Абад облусу;

- «Ак-Жалга» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;

- «Яблочная компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

б) жеңил өнөр жай чөйрөсүндө:

- «Aiko Seiko» (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;

в) жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий- изилдөө мекемелери:

- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту» мекемесине, Бишкек шаары;

- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы «Сейсмотуруктуу курулуш» илимий-изилдөө институтуна, Бишкек шаары.

2. 2019-жылы сынакка активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жаатында орчундуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:

- «Аман-Гринфуд» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;

- «Фермере Органик Гарден» жоопкерчилиги чектелген коому, Жалал-Абад облусу;

- «Алыш-Дан Органик» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, Баткен облусу;

- «Талас Даамы» жоопкерчилиги чектелген коому, Талас облусу.

б) жеңил енор жай чейресүндө:

- жеке ишкер Байбаев Нурмамед Жунусович, Жалал-Абад облусу.

в) Жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий-изилдөө мекемелери:

- А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш ресурстары институту, Ош шаары;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси» мекемеси, Бишкек шаары.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
