Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 25-декабры №500-б Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кенештин чечимине ылайык:
1. 2019-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:
- «Сүт Булак -Түптүн чыгышында сүт секторун өнүктүрүү» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;
- «Абдималик-Ата» үрөнчүлүк дыйкан чарбасы» дыйканчылык (фермердик) чарбасына, Жалал-Абад облусу;
- «Ак-Жалга» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;
- «Яблочная компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;
б) жеңил өнөр жай чөйрөсүндө:
- «Aiko Seiko» (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;
в) жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий- изилдөө мекемелери:
- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту» мекемесине, Бишкек шаары;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы «Сейсмотуруктуу курулуш» илимий-изилдөө институтуна, Бишкек шаары.
2. 2019-жылы сынакка активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жаатында орчундуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:
- «Аман-Гринфуд» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;
- «Фермере Органик Гарден» жоопкерчилиги чектелген коому, Жалал-Абад облусу;
- «Алыш-Дан Органик» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, Баткен облусу;
- «Талас Даамы» жоопкерчилиги чектелген коому, Талас облусу.
б) жеңил енор жай чейресүндө:
- жеке ишкер Байбаев Нурмамед Жунусович, Жалал-Абад облусу.
в) Жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий-изилдөө мекемелери:
- А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш ресурстары институту, Ош шаары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси» мекемеси, Бишкек шаары.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478