# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 80-р
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17433/edition/1049155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жөнүндө) буйругу (16.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217974

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 16-марты, № 80-б Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын чьндоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ортосундагы Автомашиналарды тартуулоо жөнүндө макулдашуусунун алкагында 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559549, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 "Ниссан Патрол" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын аныктасын жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп алсын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
