# КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 212-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине кошумча финансы каражат бөлүп берүү жөнүндө)

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 212-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине кошумча финансы каражат бөлүп берүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 212-р
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17429/edition/984989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 212-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине кошумча финансы каражат бөлүп берүү жөнүндө) (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-июну, № 212-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесиннн 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине материалдык-техникалык жабдуу жана жайларды оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 487 162 (бир миллион төрт жүз сексен жети миң жүз алтымыш эки) сом өлчөмүндө кошумча финансы каражат бөлүп берсин;

- ''Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо аталган каражаттарды көңүлгө алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
