# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 222-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17428/edition/984987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217969

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 222-б Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы администрациялоочу төлөмдөрдүн эсебинен 36 475,5 (отуз алты миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жуз) сом суммасына көбөйтсүн жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VI Саммитин өткөрүү үчүн жана жогорку деңгээлдеги меймандардын келүүсү менен байланышкан башка иш-чараларга 36 475,5 (отуз алты миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнун Иш башкармасына бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана майнаптуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 214-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 215-б буйругу.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
