# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 128-р
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17426/edition/984983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (10.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217967

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 10-апрели, № 128-б Кара-Балта шаарынын мэриясы алган мамлекеттик карыз каражаттарын кайтарууну камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

- экинчи абзацындагы «2,5» деген цифралар «1,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын негизги суммасы жана пайызы тең бөлүктөр менен жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 30-июнунда жана 31-декабрыңда төлөнөт, мында насыянын биринчи төлөмү насыя өздөштүрүлүп башталган күндөн тартып төлөнөт жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;»;

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- насыянын ездөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, мында насыя өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин жоюлат;».

2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуудан кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
