# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 393-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 393-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 393-р
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17421/edition/984815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 393-б ("Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (05.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 5-ноябры, № 393-б "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчун финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020'' программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит издеп тапсын жана бөлүп берсин; "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунда ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын; "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда Карыздык милдеттенмени түзсүн: ар бир траншты жабуу мөөнөтү - 15 жыл; карыздын негизги суммасын төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил -акча каражаты которулган датадан тартып 10 жыл; пайыздык ставка - жылына 1 пайыз акча каражаты которулган датадан тартып иш жүзүндө которулган суммага эсептелет; карыздын негизги суммасын жана эсептелген пайыздарды жабуу аралыгы - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15ине чейин: күрөөсүз негизде; айыптык санкциялар - жылына 4 пайыз.

2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бюджеттик кредитти максаттуу багыты боюнча колдонууга багыттоо; Карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык жогоруда аталган бюджеттик кредитти кайтарууну камсыздоо.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
