# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 73-б (Бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 73-б (Бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 73-р
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17416/edition/984037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 73-б (Бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берүү жөнүндө) буйругу (03.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 3-марты, № 73-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 462 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1 .Төмөнкүлөргө бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берилсин:

- Пекин шаарында (Кытай Эл Республикасы) 2008-жылы өткөн эркин күрөш боюнча XXIX Олимпиадалык оюндардын коло медалынын жеңүүчүсү Базаргуруев Базар Будажаповичке 2008-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги индексацияны эске алуу менен 63 486 (алтымыш үч миң төрт жүз сексен алты) АКШ доллары өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 16-августундагы курсу боюнча улуттук валютада 2 209 312 (эки миллион эки жүз тогуз миң үч жүз он эки) сом;

- Б.Б.Базаргуруевдин башкы машыктыруучусу Усенканов Анарбек Адылбаевичке 2008-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги индексацияны эске алуу менен 15 871 (он беш миң сегиз жүз жетимиш бир) АКШ доллары өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 16-августундагы курсу боюнча улуттук валютада 552 328 (беш жүз элүү эки миң үч жүз жыйырма сегиз) сом.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке ушул буйруктун 1-пунктунда аталган адамдарга бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөө үчүн 2 761 641 (эки миллион жети жүз алтымыш бир миң алты жуз кырк бир) сом өлчөмүндө кошумча акча каражаттарын бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
