# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б (Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б (Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 88-р
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17413/edition/984031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-мартындагы № 88-б (Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берүү жөнүндө) буйругу (27.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217931

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 27-марты, № 88-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун майнаптуу иштөөсү үчүн, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык:

- 'Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган өлчөмдө "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит берсин;

- төмөнкү 1шарттарда кредиттик келишим түзсүн: ар бир траншты жоюунуп мөөнөтү - 10 жыл;

акча каражаты которулган күндөн тартып карыздын негизги суммасын жоюунуп жеңилдетилген мезгили - 5 жыл; пайыздык ставка - жылына 2 пайыз, акча каражаты которулган күндөн тартып иш жүзүндө чегерилген суммага эсептелет; карыздын негизги суммасын жана эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15ине чейин; күрөөсүз негизде; айыптык санкция - жылына 4 пайыз.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
