# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 5-апрелиндеги № 121-б (Коопсуздук-2018" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 5-апрелиндеги № 121-б (Коопсуздук-2018" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 121-р
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217928>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17410/edition/984025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217928.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 5-апрелиндеги № 121-б (Коопсуздук-2018" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүу жөнүндө) буйругу (05.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217928

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдык 5-апрели, № 121-б Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга даярдыгын текшерүу, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, өзгөчө абал жана аскер режимдерин киргизүүгө жана камсыздсого даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренедерине ылайык:

1. 2018-жылдын 10-апрелинен баштап 12-апрелине чейинки убакытта министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун башкаруу органдары, Ысык-Көл облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Каракол шаарынын мэриясы менен биргелешкен "Коопсуздук-2018" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсун.

2. Машыгууну уюштуруу жана өткөруү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Ысык-Көл облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Каракол шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) машыгууга катышсын.

4. Каракол шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы өзүнчө резервдик роталар менен машыгууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
