# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 11-б ("Айыл банк" ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 11-б ("Айыл банк" ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 11-р
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17407/edition/983967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-январындагы № 11-б ("Айыл банк" ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругу (17.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217925

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 17-январы, № 11-б Мамлекеттик менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- "Айыл банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 дареги боюнча жайгашкан имаратты акы төлөп пайдалануу (ижара) келишиминин шарттарында 3 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте берсин;

- "Айыл банк'" ачык акционердик коому менен ижара келишимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык тоорук өткөрбөстөн белгиленген тартипте түзсүн;

- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
