Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 3,0 млн (үч миллион) евро суммасындагы грантын акысыз негизде алуу үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн «Өзгөн районун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасы менен Субгранттык макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 12-декабры, № 477-б 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган жана 2019-жылдын 16-июлундагы № 85 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 3,0 млн (үч миллион) евро суммасындагы грантын акысыз негизде алуу үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн "Өзгөн районун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасы менен Субгранттык макулдашуу түзсүн;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн "Өзгөн районун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасы менен теменкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашуу түзсүн:
- бюджеттик кредиттин суммасы - 2,0 млн (эки миллион) евро өлчөмүндө;
- бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн карыздын суммасына жылдык Euribor+ 1,0 пайыз;
сатып алынуучу жабдуулар жана бюджеттик кредиттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;
- бюджеттик кредит Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн кепилдиги менен берилет;
- бюджеттик кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу. ар бир жылдын 30-мартында жана 30-сентябрында бирдей 24 бөлүк менен төлөнөт, мында бюджеттик кредиттин биринчи төлөму -2022-жылдын 30-сентябрында жана бюджеттик кредитти жоюунун акыркы күнү - 2034-жылдын 30-мартында;
- төлөмдөр кечиктирилген учурда айып санкциялары мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан учурдан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 пайыз;
- бюджеттик кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилет жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоору күчүнө киргенден кийин төлөнөт;
- эсепти ачуу үчүн бюджеттик кредиттин суммасынан 1 пайыз өлчөмүндөгү бир жолку комиссия зайымчы тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына төлөнөт (берилүүчү кредиттин каражаттарынан).
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасына бюджеттик кредит каражаттарын Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кайра кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дең-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасы тарабынан бюджеттик кредитти максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана өз убагында кайра кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн "Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация агенттиги" муниципалдык биргелешкен ишканасы тарабынан алынып жаткан бюджеттик кредитти төлөө макулдугу жөнүндө кепилдик берүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.