# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 455-б (Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 455-б (Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 455-р
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17386/edition/983122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 455-б (Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу жөнүндө) буйругу (29.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217867

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-ноябры, № 455-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментине жүктөлгөн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментине (мындан ары -Департамент) күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз убагында аткаруу жана Департаменттин аскер кызматчыларын социалдык кепилдиктер менен камсыздоо үчүн 22 000 000 (жыйырма эки миллион) сом бөлүп берсин, анын ичинде:

- убактылуу турак жайды ижарага алуу үчүн акчалай компенсация төлөөгө - 15 000 000 (он беш миллион) сом өлчөмүндө;

- аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча акчалай компенсация төлөөгө -368 000 (үч жүз алтымыш сегиз миң) сом өлчөмүндө;

- атайын автотранспорт каражаттарын сатып алууга - 6 632 000 (алты миллион алты жүз отуз эки миң) сом өлчөмүндө;

2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
