# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 2-декабрындагы № 681 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 631 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 2-декабрындагы № 681 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 631 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17367/edition/1107668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 2-декабрындагы № 681 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 631 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу (26.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217828

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 2-декабры № 681 Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда атаандаштыкты өнүктүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 631 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жогоруда аталган буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун 6-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) облустун чегинде аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну, анын ичинде атаандаштыкты өнүктүрүү жана региондун товардык рыногундагы натыйжалуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү боюнча ырааттуу чараларды, ошондой эле аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартууну райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар тараптар менен биргелешип уюштуруу;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өздөрүнүн жоболорун ушул буйрукка ылайык келтиришсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
