# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 448-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 448-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 448-р
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17361/edition/982002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 448-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (26.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-ноябры, № 448-б Сот-укуктук реформанын программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды мындан ары ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) сот-укуктук реформанын программасынын алкагында жазык-аткаруу системасы жана пробация органдарына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча иш-чараларды мындан ары ишке ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан 6 138 000 (алты миллион жүз отуз сегиз миң) сомду бөлүп берсин, анын ичинен:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына - 5 062 000 (беш миллион алтымыш эки миң) сом;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине 1 076 000 (бир миллион жетимиш алты миң) сом;

2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрду карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
