# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 453-б («Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 453-б («Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 453-р
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17358/edition/1130353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 453-б («Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо жөнүндө) буйругу (15.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217819

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 66-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-ноябры, № 453-б «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо, ата мекендик авиаташуучуну колдоо жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 25 жана 28-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларынын жалпы санынын 51 пайызын түзүүчү, жалпы суммасы 409 785 000 (төрт жүз тогуз миллион жети жүз сексен беш миң) сом, жайгаштыруу баасы 100 (жүз) сом болгон 4 097 850 (төрт миллион токсон жети миң сегиз жүз элүү) даана акция санында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларын кошумча чыгаруу жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө маселени «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушуна койсун.

2. «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- кызыкдар инвесторлорго жекече сунуштоо жолу менен «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 49 пайыз акцияларын ачык жайгаштыруу;

- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына сатуу үчүн Кыргыз фондулук биржасында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 2 пайыз акцияларын жайгаштыруу;

- акциялардын кошумча эмиссиясын каттоо аяктагандан кийин «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
