# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 447-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 447-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 447-р
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17356/edition/981992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217817.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 447-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) буйругу (26.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217817

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-ноябры, № 447-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык эмгек уюмунун билдирүүсүнүн негизинде 2003-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TCSY61Z0542177, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "NISSAN PATROL" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
