# КР Өкмөтүннүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 454-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүннүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 454-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 454-р
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17353/edition/981986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүннүн 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 454-б (Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө) буйругу (29.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217814

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-ноябры, № 454-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2019-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
