# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 100-б («Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү жана аны Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 100-б («Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү жана аны Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 100-р
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17341/edition/981914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 100-б («Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү жана аны Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу (28.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217802

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 28-марты, № 100-б «Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү жана аны Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоо максатында, 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 102 Мыйзамы менен ратификацияланган), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, «Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү үчүн жер участокторду жана аларда жайгашкан имараттар менен курулмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууга 8 449 300 (сегиз миллион төрт жүз кырк тогуз миң үч жүз) сом суммасындагы акча каражатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун жанында жайгашкан үйлөрдүн менчик ээлери менен «Достук» автомобилдик өткөрмө пунктунун чек арасын кеңейтүү үчүн жер участокторду жана аларда жайгашкан имараттар менен курулмаларды сатып алуу келишимдерин белгиленген тартипте түзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
