Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы, № 25-б 2016-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-майындагы № 91 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
- кредиттин суммасы 2,5 млн (эки миллион беш жүз миң) евро өлчөмүндө белгиленсин;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка -Еврибор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%(6 айлык);
- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 23-майында жана 23-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 23-майына жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 23-майына туура келет;
- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 %;
- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчү жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия;
- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүнде бир жолку комиссия.
Премьер-министр
С.Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.