# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 14-р
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17334/edition/981102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217795

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы, № 14-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дареги боюнча жайгашкан имаратты оңдоо иштерин каржылоону камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча, Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дареги боюнча жайгашкан имаратты оңдоо үчүн 15 000 000 (он беш миллион) сом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына бөлсүн;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аталган имаратты оңдоо үчүн ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын «Мамлекеттик имараттар департаменти» мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте которсун.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
