# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 224-б (Кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 224-б (Кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 224-р
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217791>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17330/edition/980414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217791.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 224-б (Кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругу (27.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217791

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 27-июну, № 224-б Кыргыз Республикасынын Бюлжеттик кодексинин 115-беренесине. '"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитета менен макулдашып, белгиленген тартипте

кошумча финансылык каражаттарды бөлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 112 196 000,0 (жүз он эки миллион жүз токсон алты миң) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

2 000 000 (эки миллион) сом кызматтык сапарга чыгуу чыгымдарын төлөөгө; 10 196 000 (он миллион жүз токсон алты миң) сом Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматчыларына болгон камсыздандыруу суммаларынын кредитордук карыздарын төлөегө: 100 000 000 (жүз миллион) сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык ачылган Өзгөче кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепти толуктоого;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 10 500 000,0 (он миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

5 000 000,0 (беш миллион) сом эки адистештирилген мектеп үчүн атайын аудиокласстарды сатып алууга; 5 500 000,0 (беш миллион беш жүз миң) сом 61-эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясын өткөрүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине - 8 500 000.0 (сегиз миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө күндөлүк ишине жана имараттарды оңдоого;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга -150 000 000,0 (жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө, анын ичинен:

- 100 000 000,0 (жүз миллион сом) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык лабораторияларды, чек аралык ветеринардык контролдук пункттарды жана Кыргыз Республикасынын базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораторияларын ветеринардык жабдуулар менен жабдууга;

- 50 000 000,0 (элүү миллион) сом - бруцеллёзго жана нодулярдык дерматитке каршы ИММды вакцинациялоого;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына -5 000 000,0 (беш миллион) сом өлчөмүндө имаратты капиталдык оңдоого:

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору белгиленген тартипте киргизилсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
