# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 205-б (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясын Кыргыз Республикасында уюштуруу жана өткөрүү боюнча протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу жөнундө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 205-б (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясын Кыргыз Республикасында уюштуруу жана өткөрүү боюнча протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу жөнундө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 205-р
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17329/edition/980412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217790.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 205-б (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясын Кыргыз Республикасында уюштуруу жана өткөрүү боюнча протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу жөнундө) буйругу (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217790

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 20-июну, № 205-б Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясын Кыргыз Республикасында уюштуруу жана өткөрүү боюнча протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы башкарган төлөмдөрдүн эсебинен 11 050 900 (он бир миллион элүү миң тогуз жүз) сомго көбейтсүн жана ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кыргыз Республикасында боло турган күзгү сессиясынын протоколдук иш-чараларын өткөрүүгө 11 050 900 (он бир миллион элүү миң тогуз жүз) сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
