# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 217-б (Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 217-б (Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 217-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17327/edition/980356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 217-б (Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217788

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 217-б «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын региондорундагы чакан жана орто ишкер субъекттеринин кепилдик боюнча муктаждыктарын кыйла толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 25-беренелеркне, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана I 7- беренелерине ылайык: \]. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун (мындан ары "Гарантиялык фонд" ААК) уставдык капиталын көбөйтүүгө 300 000 000 (уч жүз миллион) сом бөлүп берсин;

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашып, «Гарантиялык фонд» ААКнын акцияларына 300 000 00.0 (үч жүз миллион) сом суммасында кошумча эмиссияны «Гарантиялык фонд» ААКнын алыш-бериш эсебине кириштөө аркылуу төлөп берсин.

2.. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Гарантиялык фонд» ААК менен бирдикте белгиленген тартипте «Гарантиялык фонд» ААКнын 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммасындагы 3 000 000 (үч миллион) кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларын чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.

3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
