# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 110-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 110-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 110-р
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17324/edition/980350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 110-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217785

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 30-марты № 110-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Новиков А.Э.

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары;

Абдиев Б.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Сокуров К.К.

\-

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш жергиликтүү кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Насыбалы уулу Каныбек

\-

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айыл аймагынын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Жунушев Д.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору;

Кыдырбаев У.А.

\-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

- ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Панкратов О.М., Кожошев А.О., Зилалиев Д.Т., Мамбетов Т.М., Кожомуратов Р.Т., Жусупов Б.А., Жаманбаев М.К., Толубаев Т.М. чыгарылсын;

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Рыскулов У.Д. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы;";

- он төртүнчү абзацындагы "Рыскулов У.Д." деген сөздөр "Оморов А.К." деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жыйырма биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жыйырма үчүнчү абзацындагы "районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын биргелешкен жыйынынын" деген сөздөр "районундагы Баш-Кууганды айылдык кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков
