Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык «Суу канал» ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-июлу № 234-б (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 03-ноябрындага тискемесине ылайык) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдыи 27-октябрындагы № 187 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык "Суу канал" ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 3,2 млн (уч миллион эки жүз миң) евро суммасындагы грантын берсин;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-зксплуатациялык "Суу канал" ишканасы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
бюджеттик кредиттин суммасы 1,21 млн (бир миллион эки жүз он мин) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин; бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмө пайыздык ставка - 6 айлык Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0 %; күрөөлүк камсыздоо - сатып алынуучу жабдуулар жана бюджеттик кредиттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө; бюджеттик кредит Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэриясынын кепилдиги менен берилет; кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, ошол эле учурда кредиттин биринчи төлөмү - 2023-жылдын 20-сентябры, кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2035-жылдын 20-марты; 2020-жылдын 20-сентябры, бюджеттик кредитти жоюунун акыркы датасы -2032-жылдын 20-сентябры; төлөм кечиктирилген учурда финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыз келип чыккан учурдан тартып, бул карызды толук төлөө датасына чейин - Либор + жылдык 2 %; бюджеттик кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет; эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - бюджеттик кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 03-ноябрындага тискемесине ылайык)
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык "Суу канал" ишканасына бюджеттик кредитти субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-зксплуатациялык "Суу канал" ишканасы тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык "'Суу канал" ишканасы тарабынан алынуучу бюджеттик кредитти төлөө макулдугу жөнүндө белгиленген тартипте кепилдик берүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.