# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 235-б (Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 235-б (Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 235-р
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17322/edition/980346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 235-б (Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу (04.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217783

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-июлу, № 235-б Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 186 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 5,0 (беш) млн евро өлчөмүндөгү грантын берсин;

- Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

бюджеттик кредиттин суммасы 2,75 (эки миллион жети жүз элүү миң) млн АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин; кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмө пайыздык ставка - 6 айлык Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0 %; күрөөлүк камсыздоо - сатып алынуучу жабдуулар жана бюджеттик кредиттин эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө; бюджеттик кредит Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэриясынын кепилдиги менен берилет; бюджеттик кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында бюджеттик кредитти төлөөнүн биринчи датасы – 2020-жылдын 20-сентябры жана бюджеттик кредитти жоюунун акыркы датасы - 2032-жылдын 20-сентябры: төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан учурдан тартып бул карыздарды толук төлөө датасына чейин - Либор + жылдык 2 %; бюджеттик кредиттин өз убагында өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгу комиссия, бул Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет; -эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - бюджетник кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.

2. Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасына бюджеттик кредитти субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.

3. Өзгөн шаарынын мзриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- Ош облусунун Өзгөн шаарынын "Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын бюджеттик кредитти максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу;

- Ош облусунун Өзгөн шаарынын "'Өзгөн-Таза-Суу" сууну пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан алынуучу бюджеттик кредитти жоюуга макулдугү жөнүндө белгиленген тартипте кепилдик берүү.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
