# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 223-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17321/edition/980344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217782

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 223-б

Ч.Т.Айтматовдун Россия Федерациясынын Москва шаарындагы эстелигин даярдоо жана орнотуу иштерин аягына чыгаруу максатында, Кыргыз Рсспубликасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 37 900 000 (отуз жети миллион тогуз жүз миң) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
