Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ысык-Көл облусунун Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-июлу, № 237-б Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 182 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча мындан ары Кредиттик макулдашууга (мындан ары-Кредиттик макулдашуу) жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "'Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга ылайык: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 3,2 млн (үч миллион эки жүз миң) евро суммасындагы грантын берсин;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
бюджеттик кредиттин суммасы 1,21 млн (бир миллион эки жүз он миң) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин; бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн езгөрүлмө пайыздык ставка - 6 айлык Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%; күрөөлүк камсыздоо - сатып алынуучу жабдуулар жана бюджеттик кредиттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө; бюджеттик кредит Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын кепилдиги менен берилет; бюджеттик кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында бюджеттик кредитти төлөөнүн биринчи датасы -2020-жылдын 20-сентябры, бюджеттик кредитти жоюунун акыркы датасы -2032-жылдын 20-сентябры; төлөм кечиктирилген учурда финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыз келип чыккан учурдан тартып, бул карызды толук төлөө датасына чейин - Либор + жылдык 2 %; бюджеттик кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет; эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - бюджеттик кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасына бюджеттик кредитти субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасы тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу;
- Балыкчы «Суу канал» муниципалдык ишканасы тарабынан алынуучу бюджеттик кредитти төлөө макулдугу жөнүндө белгиленген тартипте кепилдик берүү.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.