Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын «Шаарсууканал» муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын грантын берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-июлу, № 236-б Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 183 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредитгик макулдашууга (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга ылайык:
I. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын "Шаарсууканал" муниципалдык ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 4,2 млн (төрт миллион эки жүз миң) евро өлчөмүндөгү грантын берсин;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын "Шаарсууканал" муниципалдык ишканасы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
бюджеттик кредиттин суммасы 1,6 млн (бир миллион алты жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин; бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмө пайыздык ставка 6 айлык Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн сүммасына жылдык 1,0%; күрөөлүк камсыздоо - сатып алынуучу жабдуулар жана бюджеттик кредиттин эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө; бюджеттик кредит Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кепилдиги менен берилет; бюджеттик кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей белүк менен төлөнөт, мында бюджеттик кредитти төлөөнүн биринчи датасы – 2020-жылдын 20-сентябры жана бюджеттик кредитти жоюунун акыркы датасы - 2032-жылдын 20-сентябры; төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан учурдан тартып бул карыздарды толук төлөө датасына чейин - Либор + жылдык 2%; бюджеттик кредиттин өз убагында өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0.5 % өлчөмүндөгү комиссия, бул Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин зсептелет;
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия - бюджеттик кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.
2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын "Шаарсууканал" муниципалдык ишканасына бюджеттик кредитти субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын,
3. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын "Шаарсууканал" муниципалдык ишканасынын бюджеттик кредитти максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайра кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын "Шаарсууканал" муниципалдык ишканасы тарабынан алынуучу бюджеттик кредитти жоюуга макулдугу жөнүндө белгиленген тартипте кепилдик берүү.
4. yшул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.