# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы№ 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы№ 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 215-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17312/edition/984887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы№ 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217748

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 215-б Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы администрациялоочу төлөмдөрдүн эсебинен 13 422 800 (он үч миллион төрт жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом суммасына көбөйтсүн жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VI Саммитин өткөрүү үчүн 13 422 800 (он үч миллион төрт жүз жыйырма эки мин сегиз жүз) сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана майнаптуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
