# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 216-б (Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 216-б (Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 216-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217747>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17311/edition/980002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217747.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 216-б (Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217747

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 216-б Социалдык-экономикалык объектилерди курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча «Капиталдык салымдар» беренесинин каражаттарын 1000 000 000 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аталган каражаттарды эске алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
