# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 24-б (Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 24-б (Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 24-р
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17309/edition/979998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 24-б (Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217745

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы, № 24-б 2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

- кредиттин суммасы 2.0 млн (эки миллион) евро өлчөмүндө белгиленсин;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка -Еврибор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%(6 айлык);

- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздык ставка жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-июнунда жана 15-декабрында 25 бирдей бөлүк менен төлонөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 15-июнуна жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 15-июнуна туура келет;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 %;

- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчу жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия;

- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө бир жолку комиссия.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
