Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы, № 24-б 2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
- кредиттин суммасы 2.0 млн (эки миллион) евро өлчөмүндө белгиленсин;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка -Еврибор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%(6 айлык);
- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздык ставка жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-июнунда жана 15-декабрында 25 бирдей бөлүк менен төлонөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 15-июнуна жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 15-июнуна туура келет;
- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 %;
- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчу жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия;
- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө бир жолку комиссия.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.