# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 430-б (2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотаны аныкталоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 430-б (2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотаны аныкталоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 430-р
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17302/edition/1140305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 430-б (2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотаны аныкталоо жөнүндө) буйругу (20.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217738

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 20-ноябры, № 430-б "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө талдоо жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

Тиркеме 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

300

Ош шаары

18

Баткен облусу

8

Жалал-Абад облусу

14

Ысык-Көл облусу

14

Нарын облусу

14

Ош облусу

14

Талас облусу

8

Чүй облусу

110

Республика боюнча жалпы

500
