# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 422-б (Калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 422-б (Калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 422-р
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17298/edition/979976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 422-б (Калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин түзүү жөнүндө) буйругу (11.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217734

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 11-ноябры, № 422-б Калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте:

- 2019-жылдын 1-декабрынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын Свердлов районунун Үй-бүлөлүк медицина бириккен борборунда, Ош шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунда жана Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз жана Түп райондорунун үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (мындан ары -пилоттук саламаттык сактоо уюмдары) калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жаңы түзүмдүк-функциялуу моделин ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрсүн;

- 2019-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду өткөрүү үчүн керектүү документтерди иштеп чыксын жана биргелешкен буйрук менен бекитсин (пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү жоболору, медициналык кызматкерлердин штаттык саны жана кызматтык нускамалары, пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү кызматтарды каржылоонун методикасы, "Бейтаптын электрондук медициналык картасы" маалыматтык система жөнүндө жобо, Телемедицина аркылуу консультация берүү жөнүндө жобо, Онлайн консультациялоо жөнүндө жобо);

- пилоттук долбоорду өткөрүүгө байланыштуу зарыл болгон уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрүшсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте төмөнкүлөрдү ишке киргизсин:

- пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын ишинде инновациялык санариптик технологияларды колдонуу механизмин (дарыгердин кабыл алуусу үчүн электрондук кезек, бейтаптын электрондук картасы, электрондук рецепт, телемедицина, онлайн-консультациялоо);

- 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө накталай төлөмгө альтернатива катары бейтап тарабынан акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле тең төлөөгө накталай эмес эсептешүү системасын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги пилоттук долбоор оң натыйжа берген учурда, Кыргыз Республикасынын баштапкы медициналык-санитардык жардамдын бүткүл системасын реформалоого багытталган пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды 2021-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
