# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 425-р
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17297/edition/1092868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө) буйругу (24.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217733

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 15-ноябры № 425-б Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Жеңил өнөр жай» ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); «Бишкек Стандарт» жоопкерчилиги чектелген коомунун продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомунун сапатты контролдоо жана метрология бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); «ДНК-Технологиялар-Манас» лабораториясы жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун сыноо, сертификациялоо жана метрология боюнча Бишкек борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар институтун метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Бишкек шаардык «Манас» керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул буйрук 2020-жылдын 22-февралынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
