# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 426-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 426-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 426-р
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17296/edition/979972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 426-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу (18.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217732

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 18-ноябры, № 426-б "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнүн негизинде 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JN8FY15Ү9СХ590903, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "Nissan Patrol" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
