# Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 59 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун «Келечек планын» бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 59 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун «Келечек планын» бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17535/edition/979938/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 59 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун «Келечек планын» бекитүү жөнүндө" токтому (01.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217730

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

2019-жылдын 1- октябры № 59 Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун «Келечек планын» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнь 2007-жылдагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобонун 16-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун «Келечек планы» бекитилсин.

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.

Төрага

Р.Жунусакунов
