# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 645 ( Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 645 ( Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17289/edition/979680/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 645 ( Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217703

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 6-ноябры № 645 2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарында өтө турган Кыргыз-британия үчүнчү инвестициялык форумунун ишине жана Борбордук Азиядагы республикалар үчүн экологиялык реабилитациялоо эсебинин ассамблеясынын төртүнчү жолугушуусуна катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилсин.

3. Жашап туруу, анын ичинде барып-келүү менен байланышкан чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт. Суткалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарында өтө турган Кыргыз-британия үчүнчү инвестициялык форумунун ишине жана Борбордук Азиядагы республикалар үчүн экологиялык реабилитациялоо эсебинин ассамблеясынын төртүнчү жолугушуусуна катышуучу делегациянын КУРАМЫ

Боронов Кубатбек Айылчиевич

\-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович(\*\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Дамир уулу Максат(\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;

Кушбаков Дамирбек Шамшидинович

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин директору;

Адилбек уулу Шумкарбек(\*\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;

Баясов Нурадил Мирбекович(\*\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы;

Турдумамбетов Руслан Каныбекович

\-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

Эшалиев Канжарбек Жаныбекович(\*\*)

\-

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

Таалайбекова Толкунай Таалайбековна(\*\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин эксперти;

Карыбай уулу Канатбек

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси.

Эскертүү: (\*) - 2019-жылдын 11-13-ноябрына чейин Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилет; (\*\*) - 2019-жылдын 11-14-ноябрына чейин Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилет.
