# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 627 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 627 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17287/edition/1101040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 627 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу (17.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217701

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 24-октябры № 627 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимин кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 781 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

Омурбекова Алтынай Сейтбековна

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

Аманкулов Канат Маратович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Алишеров Эльдар Туралиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Баетов Батыркул Исаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Акматалиев Мирбек Акматалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Парханов Мирлан Абдивалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Актан Арым Кубат

\-

кинорежиссер (макулдашуу боюнча);

Озубеков Акылбек Абазович

\-

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

Калыбеков Нурланбек Осконалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бегалиев Муратбек Акимович

\-

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;

Садыков Тургунбай Садыкович

\-

Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын көркөм сүрөт академиясынын президенти;

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич

\-

"Ынтымак" олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору;

Тынаев Азамат Жанузакович

\-

"Журналисттер" коомдук уюмунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Алымбеков Айдар Бакытович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Комиссиянын катчысы.
