# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-октябрындагы № 408-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-октябрындагы № 408-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 408-р
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17277/edition/978950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-октябрындагы № 408-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу (28.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217691

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 28-октябры № 408-б Үч-Коргон ГЭСинин ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору);

- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору).

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
