# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 416-б (Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган региондук демилгелер боюнча социалдык өнөктөштүккө колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 416-б (Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган региондук демилгелер боюнча социалдык өнөктөштүккө колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 416-р
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217688>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17274/edition/978944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217688.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 416-б (Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган региондук демилгелер боюнча социалдык өнөктөштүккө колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу (31.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217688

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 31-октябры № 416-б Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган региондук демилгелер боюнча социалдык өнөктөштүккө колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонддорунун байкоочу кеңештеринин 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну жана 2019-жылдын 7-августундагы "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан кол коюлган Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан түшкөн финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине өткөрүп берүү жөнүндө чечимине макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча тийиштүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте караштырып турсун;

- "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун каражаттарын Стратегиялык макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 токтому менен бекитилген "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жободо каралган максаттар үчүн пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
