# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 414-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 414-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 414-р
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17272/edition/978940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 414-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (30.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217686

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 30-октябры, № 414-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 "Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөө суммаларынан мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) кирешелер түрүндө алынган кирешелердин эсебинен 16 600 000,0 (он алты миллион алты жүз миң) сомду өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо үчүн болүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
