# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясынын ишин мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен финансылык жактан камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясынын ишин мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен финансылык жактан камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 390-р
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17262/edition/978710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясынын ишин мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен финансылык жактан камсыздоо жөнүндө) буйругу (16.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 16-октябры, № 390-б Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясынын ишин мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен финансылык жактан камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн 2019-жылга каралган бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдарды 263 600 (эки жүз алтымыш үч миң алты жүз) сомго азайтсын;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы үчүн 2019-жылга каралган бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдарын 263 600 (эки жүз алтымыш үч мин алты жүз) сомго көбөйтсүн;

2) «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
