# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 392-б (Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 392-б (Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 392-р
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17261/edition/978712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 392-б (Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо жөнүндө) буйругу (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217675

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 18-октябры, № 392-б Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен өз убагында камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине окуучулардын контингенти көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарындагы окуучулардын тамактануусуна кошумча 88 675 400 (сексен сегиз миллион алты жүз жетимиш беш мин, төрт жүз) сомду белгиленген тартипте бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, бөлүп берилген каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
