Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кадамжай сурьма кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 18-октябры № 394-б Кадамжай сурьма кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кадамжай сурьма кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Конкурстук комиссия эки айлык мөөнөттө конкурс өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Кадамжай сурьма кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Осмонбетов Эмиль Кубатович
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Ибраев Карыбек Эмильжанович
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Джураев Сайдолимжон Маруфович
-
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шарапов Закир Эшматович
-
"Республика - "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Токторов Алмазбек Сатиевич
-
"Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жамалдинов Зиядин Исламович
-
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Тагаев Эрмамат Султанович
-
"Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Нышанов Сайдулла Канболотович
-
"Ата Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ганыев Каныбек Токтоматович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо бөлүмүнүн башчысы;
Гильфанов Ильдар Вазифович
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;
Сатыбеков Мелис Бакытович
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин геология башкармалыгынын начальниги;
Асангазиева Жылдыз Азимовна
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башкы адиси;
Турсунбаева Нурайым Жолдошбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Умаралиев Токтонали Шарабидинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы архитектору;
Секиев Батырбек Садыбакасович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;
Исанов Алмаз Насирдинович
-
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Осмонов Табылды Шамшидинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жер казынасын коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Жакбаров Абдиманап Эргешович
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Тагаев Чынгыз Тойгараевич
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Назаров Абдинаби
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алиев Алтынбек Ганыевич
-
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон