# Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/6 "Осоавиахим айылындага “Асфальт жолдун жээги” көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/6 "Осоавиахим айылындага “Асфальт жолдун жээги” көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/6
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17513/edition/978175/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/6 "Осоавиахим айылындага “Асфальт жолдун жээги” көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (05.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217666

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2019-жылдын 5-августу № 26/6 Осоавиахим айылындага “Асфальт жолдун жээги” көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы асфальт жолдун жээгинде эл отурукташып, жаңы түшүп жаткан көчөгө Сыдыков Асанбек Сапарбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 2-августундагы №3 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Асфальт жолдун жээги” жаңы көчөгө Сапарбек уулу Асанбектин ысымы ыйгарылып, “Сапарбек уулу Асанбек” атындагы көчө деп аталсын.

Төрага

Т. Токтомушов
