# Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/3 "Осоавиахим айылындага “Төш” участкасына Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/3 "Осоавиахим айылындага “Төш” участкасына Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/3
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17510/edition/978169/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-августундагы № 26/3 "Осоавиахим айылындага “Төш” участкасына Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (05.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217663

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2019-жылдын 5-августу № 26/3 Осоавиахим айылындага “Төш” участкасына Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы “Төш” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 6-августундагы №1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Төш” участкасындагы жаңы көчөгө Жумалиев Саадандын ысымы ыйгарылып, “Жумалиев Саадан” атындагы көчө деп аталсын.

Төрага

Т. Токтомушов
